“Бүгүн комиссиянын чечими менен токтом чыкты, Бишкек шаарында толугу менен ишемби жана жекшемби күндөрү троллейбус, автобус жана кичи автобустарды, такси кызматтарын токтотобуз. Бул коронавирус илдетин токтотууга үмүт берет”, – деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев.