Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда 15-июль күнү Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

19-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматы 6 куткаруучу тартылып, саат 13:20да убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 20-июль күнү иш-чаралар улантыларын ӨКМ маалымдады.