Өлкөдө болуп жаткан коронавирус пандемиясынан улам жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соттор  тергөө абактарында камакта отурган айыпталуучулардын жазык иштерин видеоконференция байланыш аркылуу карашууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма соз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2020-жылдын 28-июлунда  Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Каракол шаарынын №23 мекемеси (СИЗО №3) менен видеоконференция байланыш аркылуу сот отурумдарын өткөрдү.

Жазык иштерди кароо боюнча беш ачык соттук отурум Каракол шаардык сотунун имаратындагы атайын жабдылган сот залында болуп өттү. Эки ишти кароо аякталып, соттук актылар чыгарылса, калган үч иш боюнча айыпталуучулардын жактоочулары келбей калгандыктан соттук териштирүү жылдырылган.

Соттордо видеоконференция  байланыш аркылуу сот отурумдарын өткөрүү иштерди өз убагында кароого жана айыпталуучулардын укуктарынын корголушуна өбөлгө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы тарабынан айыпталуучулардын саламаттыгын сактоо максатында аларды соттук отурумдарга алып келүү убактылуу токтотулган.