2021-жылдын 10-февралында болжол менен саат 16:00 чамасында Арча Бешик жаңы конушунда кичинекей кыздар жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Арча Бешик жаңы конушунун Шералиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен болжол менен саат 16:00 чамасында 2010-жылы туулган С.А. жана 2009-жылы туулган И.А. аттуу кичинекей кыздар үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлашкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын сержанты Мукашев Э.жана милициянын кенже сержанты Ботобек уулу Ж. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада болжол менен саат 20:00 чамасында кичинекей кыздарды таап, ата-энесине сак саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде кыздардын ата-энелери милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.