ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жакында ишти оң жагынан чечип берем деп пара алууга аракеттенип жаткан региондордогу бөлүмдөрдүн биринин жетекчисин кармоо боюнча иш-чара жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран Т.А. кайрылып, арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.


Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. маселени оң жагына чечип берүү үчүн пара алууну, тактап айтканда 80 миң сом акча каражатын алууну көздөө менен аны ишке ашырууга макулдашып жаткандыгы аныкталган.


Жогорудагылардын негизинде, 2020-жылдын 2-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ноокат РИИБдеги кызматтык бөлмөсүндө 50 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу, ал ошол эле учурда Ош облусунун Ноокат РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланууда.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузууларын аныктоо боюнча иштери улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурулууда. Ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды, паракорлору, мыйзамды бузгандарды тазалоого багытталган иштер уланып жатат.


ИИМдин Басма сөз кызматы