Президенттин Аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды, анын катарында Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев дагы бар.
Бүгүнкү күндө Президенттик Аппаратта жалпы 17 адам илдетке чалдыкты.
Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.