Кыргызстандын Түркиядагы экс-консулу Эркин Сопоковго Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту айып пул өкмөткө төлөөгө чечим чыгарып, ал сот залынан бошотулду. Бул маалыматты 24.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунун кызматкерлери тастыкташкан.

Эске салсак, экс-консул  3 факты боюнча айыпталып жаткан.

Алар:

  1. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча катталган Эркин Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен “Лэнд Ровер – Рэндж Ровер” үлгүсүндөгү өздүк автоунаасын Айэркен Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы.
  2. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча катталган Эркин Сопоковдун 200 000 доллар өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 миллион сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы.
  3. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча катталган Эркин Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30 пайыз акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 доллар өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Биринчи Май райондук соту жогорудагы 3 факты боюнча “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп Эркин Сопоковду күнөөлүү деп таап, 300 миң сом өкмөттүн казынасына төлөө чечимин чыгарып, сот залынан бошотулган.