Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Россия Президенти Владимир Путин Россия Федерациясы ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтаарын жана Кыргызстан менен союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантаарын баса белгиледи.

Владимир Путин ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган  иш-чараларда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Россия тарап Кыргызстанда туруктуулуктун болушуна, ошону менен катар шайлоодон кийинки мезгилде да туруктуулукка кызыкдар экендигин өзгөчө баса белгиледи.

«Сиз билесиз, биз Сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча жасаган күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Сиздин бул аракетиңиз уланат деп ишенебиз. Биз Сизди Мамлекет башчысы катары, Кыргызстанды жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз», — деп белгиледи Россиянын Президенти Владимир Путин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ар дайым Россиянын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары күчтүү колдоосун, айрыкча, азыркы оңой эмес мезгилде сезерин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын дүйнөдө биринчи катталганы менен дагы бир жолу куттуктап, анын жакын арада Кыргызстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Ал энергетикалык жана инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга, соода-экономикалык кызматташтыкты өстүрүүгө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия тарапка бир катар багыттар боюнча көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Россия менен кылымдар бою далилденген тарыхый достук мамилелерин жогору баалай тургандыгын кошумчалады.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин белгилешти.