0-1

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Мирлан Самыйкожо Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Анда ал Садыр Жапаровдун КТРК тууралуу айткандарына кошулбастыгын билдирген. Мирлан Самыйкожонун кайрылуусу толугу менен төмөндө:

“Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт. – дейт ЭЛ акыны Ш.Дүйшеев.

“Чыкпай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле” – дегендей сөз! – кайрылууга көз салыңыз.

Кечээ журналисттер үчүн берген маалымат жыйыныңызда КТРКны башка бир чакан телеканалдарга салыштырып, миңге жакын кызматкер көп, алардын санын кыскартуу керектигин айттыңыз. Жакшы билбейт окшойсуз, фейсбук аркылуу кыскача тааныштырып кетейин. Бетме бет отуруп сүйлөшүүгө биз үчүн сизде убакыт жок. Буура булчуң каруубуз же кооз чымчыктай бутагыңызга сайрай алчу кошоматтык талантыбыз да жок. Көрсө ЖАРАТКАН, байлыкты бирөөнүн маңдайына берсе, бирөөнүн таңдайына берет турбайбы. Шартка жараша, салтка айлангандай учурдагы бийлигиңизди мактагандан башка зыяныбыз деле боло элек. (Сиздин бийлик деле бей тараптуулукка эмес, бир тараптуулукка басым кылат экен) Кыскасы, КТРКда сиз мисал келтиргендей каналдардан алты канал, беш радио, бир “Алтын казына” жана “Телефильм” менен “Котормо” студиясы бар. Алар:

1. “БИРИНЧИ” КАНАЛ. Бул каналдан таңкы “Заманадан” баштап саясий-социалдык, экономикалык, билим-илим, медициналык жана көркөм көрсөтүүлөрдү, сериалдарды, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ишмердүүлүгүн чагылдырылат.

2. “АЛА ТОО24” маалыматтык, аналитикалык КАНАЛЫ – жаңылыктарды, коомдогу болуп жаткан турмуштун күңгөйү менен тескейин 24 саат боюу ат тезегин кургатпай ыкчам (оперативдүү) чагылдырат.

3. “МАДАНИЯТ-ТАРЫХ, ТИЛ” КАНАЛЫ – маданиятыбызды, салт-санаа, үрп-адатыбызды, тарыхыбызды, тилибизди кенен чагылдырып берет. Пикетке эмес китепке, согушка эмес комузга, жолду жапканга эмес жолду ачканга багыт берген, көчөгө эмес көңүлгө төңкөрүш жасаган, аш казанга эмес баш казанга багытталган баалуу канал. Анткени маданияты жок мамлекет болбойт.

4. “СПОРТ” телеканалы. Өмүр булагы болгон ден-соолугубузга пайдалуу көрсөтүүлөрдү жана кыргыз спортчуларынын ийгилиги менен жараткан жаңылыктарын, улуттук спорт оюндарын, дүйнөлүк мелдештерди чагылдырат. Дени сак ЭЛ болсо, дени сак – УЛУТ, дени сак – МАМЛЕКЕТ болот.

5. “МУЗЫКА” каналы – Адамдын аң сезимин, көңүл борборун ноталуу чыгармачылык менен маанайды көтөрүүчү ыргактуу ыр-бий жана кыргыз музыкасындагы шоу программалары менен популярдуулугу арткан, ыйга эмес ырга чакырган, ыр ышкыбоз кыргыздын сүймөнчүк каналы. Өзгөчө жаштардын, жаш көрүүчүлөрдүн жан дүйнө жаңырыгы.

6. “БАЛАСТАН” каналы – эртеңки келечек ээлерин маңкурттуктан сактоочу, билим менен тарбиянын булагы сыяктуу улуттук уңгубуздун пайдубалын түптөөгө түп тамыры менен кызмат кылган келечектүү канал.

Ал эми жогорудагы телеканалдардан сырткары беш радио жана бир “Алтын казына” ЭЛге кызмат кылат. Алар:

1. “БИРИНЧИ” радио

2. “КЫРГЫЗ РАДИОСУ”

3. “МИҢ КЫЛ FM” радиосу

4. “ДОСТУК” радиосу

5. “БАЛДАР FM” радиосу. Булар тууралуу айтпасам да түшүнүктүү деп ойлойм. Дагы бир эң баалуу нерсебиз “Алтын казына”. Адабиятчы жана сынчы Салижан Жигитов айткандай “кыргызга орусча айтсаң жакшыраак түшүнөт” дегендей орусча айтканда “Золотой фонд” деп коёт. Бул жерде кыргыздын кылым карытар тарыхы бар. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жан аябай эмгек кылган Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү сыяктуу май баскан көздөр үчүн маанилүү материалдар да сакталган. Анын баарын санасам арбын кеп болот.

Урматтуу Садыр мырза! Ушунун баарын Кыргыз ЭЛи, Кыргыз Мамлекети жана мамлекеттүүлүк үчүн, келечек муунга таберик, мурас иретинде жасап келген биздин ардактуу ардагерлерибиз. Эми биз, өгүнү Сиз көп көрүп айткан миңге эле жакын адам ресурстарыбыз менен улантып келатабыз. Өкмөттөн “миллиарддаган” каражат менен каржыланган деген сөздү өктөм айтып өттүңүз. КТРКнын жылдык бюджети төрт жүз миллион сомду түзөт. Бул дагы буйдаланып атып толук келбейт. Анын жүз миллионун РПО РМТРге беребиз. Имаратыбыз 40 миң чарчы КВдан ашык. Аны уратпай, кулатпай сактоо жана колдонуу маселеси дагы бар. Коммуналдык кызматтарга, ГСМге, техникалык тейлөөгө андан калгандары айлык, маянага бөлүнөт. Бизде миллиард жок. Ошол каржыны, өмүрүн арнап иштеп жаткан кызматкерлерибизге бөлө келгенде айрымдары алты, жети миң сом айлык менен Сизге окшогон азаматтарыбыздын аткарып келген иштерин ЭЛге жеткирүү менен далалат кылып, көшөгөнүн ары жагы менен камеранын артында ак эткенден так этип кызмат кылышат. Булар да адам! Булар да маңдай тери менен оокат кылган өз кесиби үчүн күжүрмөн ДЫЙКАНДАР! Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо тескерисинче көңүл бөлүп, абал сурап коюңуз. Айрыкча азыркы заманда “Акылдуунун айтканы келбей, акмактын дөөрүгөнү келип калчу эле…”

И-и-и-й баса айтпасам чекилик. Негизги нерсе, учурда “коомдук канал” экенибиз Сизге маалым. Андан көрө өзүңүз айткандай баары бир эле мамлекеттин акырынан жем жеп аткандан кийин, бир отолу эле коомдук эмес УЛУТТУК КАНАЛ кылып берүүңүздү жалпы жамаат суранат элек. Анткени бул, Мамлекеттик негизги медиа болуп эсептелинет. Ушуну менен сөзүмдү аяктайын. “Көп суу кечсең чалчык, көп сүйлөсөң тантык болосуң” дейт. Бул айткандарымды каяша эмес кайрылуу катары кабыл аласыз деп ишенем. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” туура түшүнөрсүз. Чоң Рахмат!”, – деп жазган ал.