Эртең, 1-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1 градус, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градуска жетиши ыктымал.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.
Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз 0…-2 градус болот.