Инстаграм, фейсбук, ютуб элдин күзгүсү болду. Кимдин деңгээли кандай, ою кандай, сабаттуулугу, ой – жүгүртүүсү, кыялы , айтор жан дүйнөсүнүн жарасына чейин таамай көрүнгөн айдың десек жаңылбайбыз.

Кедейлик копмлексибиз бар окшойт, сыягы. Баарыбыз кымбат унаабызды көргөзүп, бай жашаганыбызды даңазалап, кымбат көйнөгүбүздү мактанып, укмуш ресторандан тамак жегенибизди айтып, кыскасы, “Карачы, мен кыйынмын! Карачы, мен укмушмун!” деген нерсени тастыктоо менен алекпиз.

Баарын ашатабыз, кемсинтебиз , кеңеш бергич болобуз, башканын жашоосун иликтеген серепчибиз. Бул да коомдун өксүгү. “Менин жеке жашоом шакмар. Аны жаба туруп, башкалардын шакмар жашоосу менен алек болоюнчу. Алар мн алек болгондо көңүлүм жай алат. Анткени өзүмдүкүн унута түшөм, же башкаларды басынтуу менен өйдө чыккым келет” дегендик.

Адатта бирөөгө бир нерсени далилдей берген адам өзүнө , өзүнүн кыйын экенине ишенбеген адам. Кыйын адам кыйын экенин билсе, унчукпайт. Көкүрөк кербейт, мурдун көтөрбөйт, тейтеңдебейт. Жөн гана жүрөт.

Материалдуулук баалуулуктан бийик чыгып, жан дүйнө баалуулугу, адамгерчилик мода болчу учур келет. Көйнөгүң, унааң, чөнтөгүң да мааниге эгедер болбой, акылың, билимиң, талантың, көрөңгөң баалуу болот. Ал учур келе жатат. Акырындан аз пайызда болсо деле билимдүүлөр, чыныгы таланттар, акыйкаттуулук, калыстык алдыга чыгып, оозго алына баштады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here