Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда  1-июль күнү саат 21:25те Патрис Лулумба көчөсү менен кесилишкен жерде Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын жансыз денеси агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Азыркы тапта маркумдун өздүгү такталып жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.