“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу Муратбек Соорбеков билдирди.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берди.

Асымбүбү Ташыбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Асымбүбү апанын артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.

Асымбүбү апанын сөөгү бүгүн, 2020-жылдын 6-июлунда Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында коюлат.