Экономикалык кылмыштарга күрөшүү башкармалыгы мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди суракка чакырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын март айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы коррупциялык фактыны жалпы реестрге каттаган.

Маалыматтарга ылайык, Комосбек Чолпонбаев жеке фармацевттик компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон деп шектелүүдө.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.