
Ала-Бука РИИБи тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жол жана суу кырсыктарынын алдын алуу багытында бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери алыскы айылдарга чейин барышып, малга тоют жыйноо учурунда тоо боорлорундагы жолдордо жүрүүдө этият болууга чакырышты. Ата-энелерге өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо жана алардын ар бир жасап жаткан иштерине көзөмөл кылуу керектиги айтылды. Аптаптуу күндөрү суу кырсыктарын болтурбоо максатында район аймагындагы кооптуу участокторго эскертүү тактайчалары орнотулду.
Мындан сырткары коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, медициналык талаптарды так аткаруу зарылдыгы жеткирилди.









