611727.cf951acba5546268b729a12c8435e392
Коомдук ишмер, КТРКнын байкоочу кеңешинин мурунку төрагасы, экс-депутат Жыпар Жекшеев 73 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Коомдук ишмер коронавирустан каза тапканы айтылууда. Ал буга чейин Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы, Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.
2017-2019-жылдар аралыгында Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
Барс.Медиа агенттигинин жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.