Эл-журтун башына оор сыноо келген учурда элдин жүгүн көтөрүү – бул атуулдук парз. Коронавирус оорусу Ноокат районуна 19-марта 1-толкун болуп келди. Ал убакытта биз жаңы ыкма – суюк кислород менен дарылап 129 бейтапты толук дарылап чыгарганбыз. Коронавирустун экинчи толкуну июль айынын башында башталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Ноокат аймактык ооруканасына 250-300 оорулуу медициналык жардамга муктаж болуп келип жатышты. Алардын арасынан 20-25 бейтап өтө оор түрү менен кайрылып, жогорку сапаттагы профессионалдык дарыланууга муктаж эле.

Алардын көпчүлүгүнө дем жетишпей, суюк кычкылтекти басым менен өпкөгө жеткирүү ыкмасы колдонулду, бул – БИПАП терапия.

Бипап аппараты аркылуу суюк кычкылтекти берүү максималдуу эффектисин көргөздү.
2020-жылдын 25-июль күнү Ноокаттан чыккан Бишкекте жана Москвада жашаган уул-кыздарыбыз өз элинин камын көрүп, адамдардын ден соолугун сактоого өтө чоң жардам беришти. Бишкектен алса 100 000 АКШ доллар турган 50 даана өтө сапаттуу дем алдыруучу БИПАП аппараттарын Турциядан заводдун өзүнөн эки-үч эсе арзан баада алышып, райондук ооруканага жардам катары беришти.
Бул аппараттар келээр замат оорулууларга толук колдонуу үчүн берилди, жыйынтык жакшы.

Эскерте кетсек, 21-июлда бул патриот уул-кыздарыбыз 192 000 сомдук 480 упаковка гепарин дарысын жардам катары ооруп жаткан бир туугандарыбызга беришкен. Андыктан Ноокат аймактык ооруканасы жана дарыгерлери жардам колун сунган төмөндөгү атуулдарга терең ыраазычылык билдирет.
1. Алмаз Шарабидиновго, «ЭРА» компаниясынын жетекчиси.
2. Эмилбек Жусуповго, «Эмаком» компаниясынын жетекчиси.
3. Улукбек Мариповго.
4.Коргонбай уулу Жусупга, “КЖ ВОСТОК ” компаниясынын жетекчиси.
5. Москвадагы “Ноокат” коомуна.
6. Шавкат Закировго, жеке ишкер.
7 . Айнура Осмоналиевага,  “Альфатекс” компаниясынын жетекчиси.
8. Эмил Кармышаковго, «МК партнер» ишканасы.
9. Дамир Аттокуровго.
10. Бакыт Мариповго, Кыргыз-Ата айыл өкмөтү. 
11. Чечдөбө айыл коомуна.
12. Алмаз Чаловго .
13. Толкун Алимжановго.
14. Данияр Атабаевге, Араван цемент заводунун кош негиздөөчүсү.
15. Төрөкул Курбаналиевге.
16. Нурдавлет Абдылдаевге.
17. Кылыч Жолдошевге.
18. Бектурган Маткасымовго.
19. Ниязбек Гапаровго.
20. Надырбек Кудайбердиевге.
22. Жылдызбек Кудайбердиевге.

“Ошондой эле ушул аппараттарды Турциядан алып келүүдө, уюштурууда салым кошкон «ЭРА» компаниясынын жетекчиси Алмаз Шарабидиновго өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, – деп айтылат маалыматта.