
Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А кызы С. 2020-жылдын 17-июль күнү саат 14.30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150.000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу А кызы С. арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер. 2-бөл. 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.
2020-жылдын 31-июль күнү тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А. Кара-Суу районунун Шарк а/а жайгашкан турак үйүнүн короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.
Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.










