Финляндиянын премьер-министри Санна Марин турмушка чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүн расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, Финляндиянын премьер-министри 16 жылдан бери жолугуп келген Маркус Райкконен аттуу футболчуга турмушка чыккан. Экөөнүн ортосунда 2 жарым жаштагы кызы бар.

Жаштардын үлпөт тою өкмөт башчысынын резиденциясында өткөн.

Белгилей кетсек, 35 жаштагы Санна Марин өткөн жылдын декабрь айынан бери өкмөт башчы кызматын аркалап келет.