Баткен облус аймагында мамлекеттик ишканалардын кызматтык унааларын дем алыш күндөрү пайдаланган айдоочулар көзөмөлгө алынып, айып пулдар салынат.
Мындан ары ишемби, жекшемби күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү кагаздарын өздөрү менен чогуу алып жүрбөгөн, мекеме-ишканалардын кызматтык унааларын максатсыз пайдаланып жүргөн айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинде көрсөтүлгөн беренелердин негизинде айып пулдар салынат.


Баткен облусунда жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында облус аймагында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барып жатышат. Бир жума ичинде башкача айтканда 15-июнунан 21-июнуна чейинки аралыкта Бузуулар Кодексинин негизинде 611 протокол түзүлгөн. Алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар – 143, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар – 13, мас абалда унаа башкаргандар -11, айнегин караңгылаткандар -3.
Жума ичинде 5жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы