Ырчылар Анжелика жана Асема Инстаграмдагы жеке баракчалары аркылуу чырдашып жатышат. Буга себеп катары актриса жана ырчы Асемага “Ырчылардын баары чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйбүз. Анжеликага “Датка” наамын бериш керек” деген комментарийге “Мени эри бар аял деп коёт”,- деген жообу себеп болгон.

Буга жооп катары Анжелика “Буга чейин эле өзүңдүн акылсыздыгыңды көрсөтүп келгенсиң. Бирок чегине жетти. Эрим жок эшек такалап жүргөн жокмун”,-деп жооп берген.