Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, 15-июлдан тартып ишине киришти. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка таянсак, Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Биринчи вице-премьер-министр дарылоо курсунан өтүп сакайды. Ал кайрадан тапшырган анализдин жыйынытыгы таза деп чыккан.