Буга чейин Бишкек шаардык Биринчи май РИИБ тарабынан өзүн “кыргыздын деми” атаган блогер, ырчы Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынганы белгилүү болгон. Азыркы тапта Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке байланышканыбызда Bars.Media сайтына буларды билдирди:

“Мен англис тили боюнча мобилдик тиркеме ачкам. Ал тиркеме жасатууга акчаларды коротуп, инвесторлорума карыз болуп калдым. Долбоорум жакшы иштебей, чыгашалуу болуп калды. Инвесторлорума карыз болуп, аз-аздан карыздарымды жаап жаткам. Акырында инвесторлор да түшүнуп, жакшы мамиледе болуп калганбыз. Ал инвесторлорумду мурунку жолдошум Талант Курманкулов таап алып ага “бул алдамчы, мени да алдап кеткен” деп атып бардвк инвесторлордон арыз жаздырып алыптыр. Ошонун баарын уюштуруп, арыз жаздырып, мага үгүттөп жаткан ошол киши. Анын далилдери да бар. Ошонун айынан Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү туура эмес токтом чыгарып коюптур. Ичинде калптын баары толтура. Азыр ошол тергөөчүнүн да туура эмес иштери тууралуу эл билсин деп орус, казак телеканалдарына, эл аралык уюмдарга кайрылган жатам. Инвесторлордон дагы бир жолу кечирим сурайм. Акырындан акчасын кайтарып бере баштагам. Алдап алган эмесмин. Ырасмий келишимдерибиз бар. Ал жакта мөөрлөр басылган. Эч жакка каячкан жокмун. Болгону карантин маалында Москвада болуп калдым. Че аралар жабылып Кыргызстанга бара алган жокмун.

Дагы бир менин үстүмөн арызданып жаткан Айгерим деген айым тууралуу да айта кетейин. Андан да 2 миң долллар алгам. Анын 500 долларын кайтарып бергем. Калган “1500 долларын чогуу кайтарып бериңиз” деген. Мен “чогуу кайтарууга азыр мүмкүнчүлүгүм жок. Бөлүп-бөлүп кайтарайын” десем макул болушкан жок. Азыр кризис маалында колуман канча келсе – ошончо карыздарымды кайтара берем”