Бүгүн, 12-февралда белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 30 жашка чыкмак. Ал эми журналисттин жубайы Сапаргүл Абдинабиева маркум жолдошун эскерип жазган билдирүүсү көпчүлүктүн көзүнө жаш келтирди:


Биз үй-бүлө кургандан кийин жумушума байланыштуу Лондонго кеткем. Ошол күндөрдүн биринде Лондондо окуп жүргөн кыргызстандык эже туулган күнүнө чакырып калды. Чакан чөйрөдө бирге барган кесиптешим Азиза эже, белгилүү юрист Жоомарт Жолдошев үчөөбүздүн ортобузда кызыктуу маек уланып кетти. Жоомарт ага: «Маркум Табылды Эгембердиев Кыргызстандагы өтө сыйлаган инсандарымдын бири эле. Өмүрүнүн соӊку күндөрү жанында болуп, мүлкүн жакындарына бөлүп берүү вазийпасын аткардым. Ошондо Табылды ага чын жүрөгүнөн өкүнүп: «Көп китеп окудум, бирок, бир да китеп жазууга жетишпедим», – деп кейиген эле, – деп калды.
Ушул сөздү кийин Кыргызстанга келгенде мен Уланга айтып бердим. Айттым да, анан артынан “сен да китеп жазсаӊ, мен оӊдоп- түзөп, чогултуп жардамдашам” деп кошумчалай кеттим. Анткени Уландын журналисттик куржуну тарыхый маалыматтарга өтө эле бай болчу. Дээрлик саясий окуялардын чордонунда жүрүп, саясатчылардын көбүнүн көшөгө артындагы турмушун жакшы билчү.
Мен ал окуяларды өз көзү менен көргөндөн кийин “жаза жүрсө” деген кыязда акыл салган элем. Бирок ал так кесе, “Жок, каражан, мен китеп жазбайм, мен жөнүндө башкалар китеп жазат”- деди. Ошондой эле болду. Бүгүн ал китепти өзүм жазып жатам.
Бул баарынан мурун уулубуз үчүн жазылчу эмгек. Азыр баарыбыз билген чындыкты бир гана ал билбейт. Бейкапар чоңоюп келе жатат. Бөлмөбүздө турган сүрөтүңдү жакшы тааныйт, «Ата» деп көрсөтөт, моюнун созуп өөп да койгонго жарап калдык. Анын көп кылыктарынан сени көрөм, жашап жаткандайсың…
Дагы бир жагынан Уланып жатканыңды элдин сага баасынан билем. Кайсы жерде акыйкатсыздык болсо, сени жоктошот, сагынат, кадимкидей ичи ачышат. Демек, кыргыз журналистика айдыңына салып кеткен чыйырың, басыгың, табылгаң, ийгилигиң унутулган жок. Бүгүн улуу- кичүү муун сенин туулган күнүңдү куттукташат. Бир катар иш-чаралар уюштурулат. Болсоң… Баягыдай барбаландап, кубанып, жасалмасыз сөздөрүңдү жазып 30 жаш менен башкача учурашмаксын. Айла гана жок. Өзүң айткандай «Муну бир айтабызбы, эки айтабызбы, тартышылгыс Чындык!».
Эске салсак, Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда каза тапкан.