“Урматсыз ишкерлер! Жакында сууңуздарды токтотобуз”. “Урматтуу ишкерлер! Мындай эскертүү албоо үчүн сууга болгон акыны өз убагында төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Карантин башталгандан бери «Бишкексууканал» ишканасы бир мүнөт да сууну токтотпостон, шаарды ичүүчү суу менен камсыз кылып келди. Жада калса КОВИД-19 пандемиясы дагы тоскоолдук кылган жок. Биз шаардыктарды, оорукана жана бейтпканаларды жана башка социалдык маанидеги объектилерди үзгүлтүксүз суу менен камсыздап жаттык». Бишкек мэриясы мына ушундай билдирүү таратты.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ичүүчү суунун сапаты дагы өзгөрүүсүз, ичүүчү суунун ченемдерине ылайык техникалык стандарттарга жооп берет. Бишкекте чорголордон артезиан минералдаштырылган суу агат, 60тан 180 метрге чейинки тереңдиктеги 300 жер астындагы кудукка толот. Ушундан улам, бардык минералдар сууда сакталат жана жасалмаларды кошууну талап кылбайт.

Сентябрь айына карата «Бишкексууканал» башкармалыгына  дебитордук карыз 152 миллион 696 миң 995,92 сомду түздү. Анын ичинен 5 млн бюджеттик мекемелер, 90 млн.дон ашык шаардыктар карыз. Эң олуттуу карыз – болжол менен 57 миллион сом – Сокулук жана Аламүдүн райондорунун ишкерлерине жана айыл аймактарына таандык.

“Биз шаардыктардын, ишкерлердин каржылык абалына түшүнүү менен мамиле кылабыз. Бул себептен «Бишкексууканал» башкармалыгы сууну токтотпой, туумдарды кошпой берип жатты. Биз сиздерден карыздарды төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Төлөбөгөндөргө ичүүчү суу берүүнү токтотууга мажбурбуз.

Карыздарды үйдөн чыкпастан, «Элсом», «Мега24», «О! Деньги» тиркемелери жана башка мобильдик тиркемелер, терминалдар  аркылуу төлөсөңүздөр болот.

Урматтуу шаардыктар! Өлкөнүн баа жеткис байлыгы болгон сууну барктайлы. Чындыгында, статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдө 844 миллион адам – ар бир онунчу адам – таза ичүүчү сууга муктаж», – деп айтылат маалыматта.