Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлгө алынышы, лицензияланышы жана жөнгө салынышы максатында, Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 25-сентябрында №2020-П-33/52-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 2020-П-33/38-4-(НФКУ) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар тууралуу» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогоруда аталган токтом менен өзүнүн функцияларын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банктын көзөмөлүндөгү субъектилерин текшерүүлөрүн жүргүзүү улантылат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.