Мындай түстөгү жаныбарлар өтө сейрек учурайт.

Индиянын чыгышында жайгашкан Баласор шаарына жакын жерде жергиликтүү фермер токойдо кокусунан ачык сары түстөгү таш баканы жолуктуруп калган. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Видеодогу таш бака – Индиядан башка да Пакистан, Непал, Мьянма, Бангладеш жана Шри-Ланкада кездешүүчү кадимки эле индия баралуу таш бакасы. Анын сары түстө болушу – альбинизмдин артынан болушу мүмкүн деп адистер белгилешет.