Ырчы Айпери Сыдыкова буга чейин ооруп калганын айткан эле. Учурда ырчы айымдын ден соолугу калыбына келип, сүйүнүп турган чагы:

“Эң жаманы артта калды. Бир ооруган адам кайра оорубайт деп сүйүндүрүп коюшту. Ооруп жаткандарга; чалкаңардан эмес ичиңерден жатыш керек экен. Суюктукту аябай көп ичип, көп кыймылдап басыш керек. Чалкадан жата берсеңер өпкөгө өтүп кетиши мүмкүн.

Анан кыздарга айтаарым, тырмагынардагы лакты алдырып койгула. Мага окшоп пульсоксиметр менен кычкылтекти текшериш керек болгондо ошол жерден шеллакты тиштегилеп тазалай албай көзүңөр чачырабасын. Лак бар болсо прибор көрсөтө албайт. Бул оорудан айыккандар толтура кеңештерин калтырышыптыр, баарыңарга терең ыраазычылык. Баарыбызга чың ден соолук каалайм. А мен кайрадан суюктук ичип, буту-колду жазганы кеттим”,-деп жазат ал.