0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.

КР БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен 2020-жылдын 31-июлуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, КР БШКнын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жана Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоону 2020-жылдын 17-августуна дайындоо жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды.

Түп жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурууну, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурууну жана камсыздоону тапшырды:

– добуш берүү үчүн жайды дезинфекциялоону;

– шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөөнү;

– жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерге санитайзерлерди коюуну камсыздоону;

– шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөөнү;

– шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу пайдаланылчу бет кап жана кол кап берүүнү;

– колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоону.