Кечээ, 5-июлда белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды. Бул тууралуу маркум журналист 1995-жылдан бери иштеп келген “Азаттык” радиосунун сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал күтүүсүз келген оорудан улам көз жумган. Бирок, кайсы оорудан экени азырынча айтыла элек.

Бүбүкан Досалиева журналист, илимпоз, педагог жана саясат таануу илиминин кандидаты болчу.

Bars.Media сайтынын эмгек жамааты Бүбүкан Досалиеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.