Ырчы Сайкал Садыбакасованун мурунку жолдошу, алып баруучу  жана тамада Максат Довранов жакында үйлөнөт. Бүгүн ал инстаграм баракчасына «менде баары жакшы» деп сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу Максат Доврановго байланышканыбызда:

“Ооба. Сүйүктүүмдү таптым. Кудай кааласа ушул жылы үйлөнөбүз. Азыр карантинге байланыштуу тоюбуз бир аз жылды. Сүйүктүүм тууралуу айта кетсем 20 жашта. Калган маалмыттарды азырынча айтпай турайын”,-деди.

Эки жашка бакыт каалайбыз!