журналист

Коомдук телерадио корпорациясына тиешелүү “Ала-Тоо 24” каналынын журналистинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин директору Жайнак Үсөн уулуна шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, тест тапшырууда оору бар экени тастыкталган. Буга чейин журналист өзүн жаман сезип баштаган.

«Оору жеңил-желпи. Журналист ооруканага жаткырылды. Дагы эки кызматкер коронавируска шектелип, өзүн-өзү изоляциялашты», – деди Жайнак Үсөн уулу.

Бүткүл мезгил ичинде 3 миң 356 COVID-19 инфекциясы аныкталды. 2 миң 21 адам айыгып илдеттен кетти.