Республикага 119 643 доза “Гриппол Плюс” вакцинасы, андан сырткары октябрда сасык тумоого каршы 770 миң доза вакцина алынып келиниши күтүлүүдө. Эмдөө ноябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөрүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эмдөөнү кайдан алсам болот?

Республиканын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ, ҮДТ, ФАП) сезондук сасык тумоого каршы акысыз эмдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Ким аны акысыз ала алат?

– өнөкөт оорулары бар адамдар,

– тез-тез ооруган балдар,

– 65 жаштан жогору адамдар,

– карылар үйүнүн жашоочулары,

– кош бойлуу аялдар,

– медициналык кызматкерлер,

– интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары.

Акы төлөнүүчү эмдөө кайсыл жерде жасалат жана ал канча турат?

Бишкек шаарындагы жеке медициналык борборлордо:

“Цадмир” тел: 659577,

“Кичинекей” тел: 439797,

“Бала” тел: 301818,

“Гиппократ” тел: 663371,

 “312 поликлиника” тел: 313013,

“Эдельвейс” тел: 440872,

Элкрит тел: 565631,

“Интермедикал” тел: 325238,

“KG” тел: 303553,

“Авиценна” тел: 909001,

“CSM №8” тел .: 433907.

Таласт шаарында – “Цадмир” медициналык борборунун филиалы тел: 0500241967,

Жалал-Абад шаарында – “Цадмир” медициналык борборунун филиалы тел: 0778752500, 0779 373926,

Ош шаарында “Doctor Kg” тел: 0777 013070, Цадмир 0553 37 00 39.

Вакцинанын бир дозасынын баасы 450-750 сомду түзөт.