Өткөн дем алыш күнү «Адинай» паркында ден соолукту бекемдөө борбору, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы жана Кызыл Жарым Ай коому Кан донорлор күнүн белгилешти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардыктарга кан басымынын пайда болушу тууралуу айтып берип, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча кеңештерин беришти. Бул өтө маанилүү, өзгөчө ковидден кийинки дарыланууда.

Иш-чарада ар бир жаран кан басымын билип, кан берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

169 адам кан басымын текшертип, анын ичинен 48 адамдын кан басымы жогору экендиги аныкталды. 9 адамга оору тууралуу  медициналык кеңеш берилди.

84 адам кан донору болуп, 38 литр кан чогулду.

“Биз аталган акцияга катышкан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин тамчы каныңыздар адам өмүрүн сактайт деп ишенебиз», – дешет мэриядан.