0-2

Орусиянын Красноярск шаарында мыйзамсыз баңги затын айлантуу иши боюнча соттолуп жаткан кыргыз жаранынын агасынан пара алган судья кармалды. Бул тууралуу “Коммерсант” жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Красноярсктын Совет райондук сотунун төрагасынын орун басары, отставкадагы судья Сергей Тупекого карата кылмыш иши козголгон. Ал пара алган деп шектелип жатат.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2019-жылдын февраль айында Сергей Тупеконун кароосуна мыйзамсыз баңги затын айлантуу иши боюнча соттолуп жаткан адамды айыптаган кылмыш иши түшкөн. Соттолуучунун агасы ортомчу аркылуу судьяга 1 миллион 200 миң рубль пара берген.

Бул акчага судья соттолуучуга карата жеңил жаза дайындай турганына убада берген. Ошондой эле, ал соттолгондон кийин ал кыргыз жаранын жаза өтөөсү үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүүгө жардам бере турганын да сунуштаган.

Орусиянын ФСБсынын аймактык башкармалыгы Сергей Тупеко менен ортомчунун акча алгандан кийин колго түшүрүшкөн.