“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков Ата-Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим экендигин даңазалады.  

–Ѳз Улуттун сүйүү, ал-улутчулдук эмес, ал ѳз тарыхын урматтоо, ѳз элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата-Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ал эми кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мына, канча элдер али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген Ата-Журтубуз менен ар качан сыймыктанышыбыз керек.

–Ахматбек мырза, акыркы учурдагы сын-пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?

— Саясатчы үчүн элдин сыны – күзгү деп билем. Бирок баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Анан жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес.

Эл мени эки жолу ѳздѳрүнүн Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем.  Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгѳн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам.

Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4- октябрда 4-номерди тандаңыз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.