Милициянын кайгуул кызматкерлери велосипед уурдаганга шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020- жылдын 30- октябрында болжол менен саат 14:00 чамасында  Бишкек ШИИББнын “102” кызматына  Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан мечиттин короосунан велосипед уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда  1997-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү   белгисиз жаран мечиттин короосуна токтотуп койгон  баасы 12 000 сомдук  велосипедин уурдап кеткенин, ошол жаранды таап берүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган К. Б. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин  (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.