Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бычак менен коркутуп каракчылык кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 28-декабрында Бишкектин Ленин РИИБине Э.Б. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 28-декабрга караган түнү саат 3төр чамасында Кустанай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде чала тааныш жигити аны бычак менен коркутуп жана күч колдонуп, 25 миң сом акчасын алып качып кеткенин билдирген.

Бул факт Ленин РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каракчылык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Издөө иштеринин натыйжасында, Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1991-жылы туулган Р.У. аттуу жаран кармалып, СИЗОго киргизилген.

Учурда кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка да кылмыштарга катыштыгы болушу мүмкүндүгү аныкталууда. Ошондуктан, милиция сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюшун өтүнөт:

0(709) 139-329, 0(709) 097-780 же 102.