2020-жылдын 9-август күнү Алай РИИБнин милициянын криминалдык кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын ага лейтенанты Сыдыков Азамат Айтмаметович 31 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал 1989-жылы 12-июлда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. 1995-жылы Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектептин босогосун аттап 2006-жылы 11- классты аяктаган. 2006-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетине окууга кирген. 2010-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистигин бүтүргөн.
Ички иштер орагандарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кызматын Ош ОИИБдин Кайгуул күзөт кызмат батальонунун милиционерлигинен баштаган. Андан соӊ, Ноокат, Кара-Суу РИИБдеринде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген. 1 уул 1 кыздын атасы.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.