Кечээ, 21-июнь күнү ӨКМга Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Динамо” стадионунун аймагында жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, жыланды табышып, коопсуз жайга коё беришкенин ӨКМнын бамса сөз кызматы билдирди.