Кечээ, 14-июлда педагог, педагогика илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер Каниметов Жанкороз Каниметович дүйнө салды. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал пневмониядан улам көз жумган.

Каниметов Жанкороз Каниметович 1950-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган.

Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин, Арал орто мектебинин, Кайкин атындагы орто мектебинин директору, Ак-Суу райОНОсунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик Кыргыз-Түрк кызматташтык тобунун жетекчиси болгон. «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин проректору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим Академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги СССР Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты. Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын автору.