Бүгүн, 21-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолугуп, COVID-19нын жайылышына каршы күрөшүү, дары-дармектер менен камсыз кылуу, жардамга муктаж дарыгерлерге жана бейтаптарга жардам көрсөтүү маселелерин талкуулайт.

Президент менен 12 адам жолугушат:

Элдар Шабданов, “Бирге” Борборунун өкүлү;
Тынчтык Алтымышев, журналист, “Элден Элге”, “Элдик Медиктер” кыймылынын координатору;
Наталья Гребнева (Даник), “Сүйүүнүн колдору” коомдук бирикмесинин жетекчиси;
Айзада Жамгырчиева, журналист;
Анжелика Кайратова, ырчы, коомдук ишмер;
Урмат Насыкулов, “Биз Барбыз” штабынын башчысы;
Эркин Рыскулбеков, “Элим Барсынбы” ассоциациясынын өкүлү;
Бабур Төлбаев, меценат, “Мол Булак” компаниясынын жетекчиси;
Бермет Усубалиева, Кызыл Ай Коомунун Кыргызстандагы өкүлү;
Нуриля Чолпонбаева, “Мыкты муун!”
Абдурахманхаджи Муртазалиев, ыктыярчы, спортчу;
Алмаз уулу Аскар, жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.

Ал эми ыктыярчы катары кызмат өтөп жүргөн футболчу Айдана Оторбаева, бул жолугушууга келүүдөн баш тартып, анын мааниси жок экенин белгилеген.