_24877-15792

Ош облусунун Кара-суу районуна караштуу Нариман айылдык аймагындагы «Абдурахман ибн Авф» жана «Абу Ханифа ан-Нуьман ибн Сабит ал-Куфи» медреселери бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган стационарда жаткан бейтаптарга дин кызматкерлери эбегейсиз чоң салымдарын кошо алышты.

Алсак, «Ал-Худа» Мечитинин имамы Рамазанов Мурадилло жамааты менен жана Нишанов Бактияр ажынын демилгеси менен Жараткан Алланын ыраачылыгы үчүн төмөндөгү жардамдар берилди:

  1. Төрт даана кычкылтек концентратор
  2. Бейтаптарга керектелүүчү даары-дармектер
  3. Өз өмүрүн тобокелге салган 10 дарыгердин ар бирине 5000 сомдон акчалай жардам
  4. Дарыгерлерге эки маал тамак-аш

«Медреселер бейтаптарга күндүзү стационар катары пайдаланууга берилди. Учурда бейтапдарды кабыл алынып, дарылынап үйлөрүнө кайтууда. Аллах Таала Маида сүрөсүнүн 2- аятында «( Эй, момундар) жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле» деп айткан. Оор мезгилде бейтаптарга жардам берген даарыгерлерге жана мечит, медресе кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Көрсөтүлгөн жардамдардын жалпы суммасы 300000 сомду түздү.