0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

2020-жылы 4-августта эски аянтта тез жардам автоунааларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ильшат» коомдук фонду тарабынан республикабыздын саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүп берүү үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган 5 тез жардам автоунаасы сатылып алынып, анын төртөө бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды, бир автоунаа буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган фонддун өкүлү Тилек Жээнбековдун айтымында, ар бир автоунаанын наркы 26 миң АКШ долларын түзөт.

«Жаралган оор кырдаалга карабастан өз күчүн, ден соолугун аябастан элибизге кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизге «Ильшат» коомдук фондунун атынан ыраазычылыгымды билдирем. Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылып жаткан бул тез жардам автоунаалары илдет менен тынымсыз күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге жардамы тийсин деген ниетте белек катары тапшырып жатабыз» ,- деди фонддун өкүлү Тилек Жээнбеков

«Ушундай оор мезгилде кайдыгер керектүү жардам көрсөтүп жатканы үчүн «Ильшат» коомдук фондуна министрликтин атынан ыраазычылык билдирем. Тапшырылган тез жардам унаалары балдар ооруканаларына ылайыктуу болгондуктан 2 унаа Бишкек шаарындагы №3 Шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасына, 2 унааны Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасына тапшырууну туура көрүп жатабыз», – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.