Жол кырсыгына кабылып, эркин күрөш боюнча 3 казак балбаны каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-августта болгон. Ичинде 5 балбан бар унаа Жамбыл облусундагы трассада жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде Жаксыбек Карабалаев жана Байбазар Жанбота көз жумган.
Ал эми 4-августта эл аралык класстагы спорт чебери Ильяс Жумай каза болгон.
Дагы эки балбан – Заутбек Нурдаулет менен Шынгысхан Мухаметкалиев оор абалда ооруканада жатышат.