Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 3
Ош облусунда – 1
Баткен облусунда – 1

Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3239 учур катталып, алардын ичинен 2951 медкызматкер айыгып чыкты.