Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабах аймагында ок атышууну токтотууга жана кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
Белгилүү болгондой, буга байланыштуу Орусиянын дипломатиялык кызматы эки тарапты сүйлөшүүгө чакырды.
Эске салсак, бүгүн, 27-сентябрдын саат таңкы 6дан бери Тоолуу Карабахта эки өлкөнүн аскерлери бири-бири менен атышууда.
Буга байланыштуу Армения менен Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабахтагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик абал киргизилгенин жарыялашты.