Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловго Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кыматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. 

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Орусия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар  менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Эске салсак, бүгүн, 27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы “ФМ Сидорово” аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргыз жараны жаракат алган.