Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиевге телефон чалып, Карабахтагы байланыш линиясындагы кырдаалга байланыштуу Анкара тараптан толук колдоо боло тургандыгын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу Күчтөрү Карабахтагы байланыш линиясындагы калктуу конуштарга ок чыгарганын жана курман болгон жарандар бар экендигин билдирген. Ал эми Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, “Карабах аба жана ракеталык чабуулдарга кабылган”. Армения тарап Азербайжандын эки тик учагын жана үч дронун атып түшүргөн.

Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президентинин пресс-катчысы Вахрам Погосян Карабахта, анын ичинде борбор шаар Степанакертте тынчтык орнотулган жайлар артиллериялык аткылоого дуушар болгонун кабарлап, ал калкты коргонууга чакырды.

Эске салсак, бүгүн, 27-сентябрдын саат таңкы 6дан бери Тоолуу Карабахта эки өлкөнүн аскерлери бири-бири менен атышууда.

Буга байланыштуу Армения менен Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабахтагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик абал киргизилгенин жарыялашты.