Ош шаарындагы Южный каналына түшүп кеткен 32 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 11-июлда саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналга 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. 12-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.